Казакстан залалдуу шишикке каршы заманбап дары-дармектерди өндүрүүнү баштоону пландап жатат. Долбоор кытайлык өнөктөштөр менен биргеликте ишке ашырылууда. Бул дары-дармектердин катарына кан ооруларын дарылоо үчүн эки дары-дармек кирет. Саламаттыкты сактоо министри Акмарал Альназарованын айтымында, өндүрүштү өлкөдө жайгаштыруу дары-дармектердин баасын төмөндөтүп, заманбап дарылоо ыкмаларын бейтаптар үчүн жеткиликтүү кылат. Эки дары тең жылдын аягына чейин каттоодон өтөт деп күтүлүүдө. Казакстан экинчилик таңгактоо өндүрүшүнөн активдүү фармацевтикалык ингредиенттерди өндүрүүнү камтыган толук циклге өтүүнү пландаштырууда
Акмарал Альназарова, саламаттыкты сактоо министри:
– Андан кийин 2029-жылга чейин этап-этабы менен локализация болот. Бул Казакстан Республикасынын рыногуна гана эмес, бүт Борбор Азия рыногуна да тиешелүү болот. Келечекте бул дары-дармектердин экспорттук дарамети чоң болот. Бүгүнкү күнгө чейин алты айдын жыйынтыгы боюнча 251 миң бейтап диспансердик эсепте турат. Анын ичинен 22 миң бейтап биринчи жолу ушул жылдын сегиз айында аныкталган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

