Эксперт: Жаңы Курултайда саясий партиялардын ролу жогорулайт

Эксперт: Жаңы Курултайда саясий партиялардын ролу жогорулайт

Курултай – өлкөнүн жогорку өкүлчүлүктүү органы конституциялык реформаны практикалык мазмун менен толтурушу керек. Саясий илимдердин доктору, Нархоз университетинин профессору Андрей Казанцев белгилегендей, реформа партияларга болгон талаптарды бир топ жогорулатат. Алардан эми парламенттик ишке катышууну гана эмес, өздөрүнүн мазмундуу күн тартибин да күтүшөт. Демек, бул өлкөнүн экономикасында, саясатында, социалдык жашоосунда конкреттүү долбоорлорду билдирет. Бир палаталуу парламентте саясий атаандаштык да, партиялардын шайлоочулар алдындагы жоопкерчилиги да жогорулайт. Ошентип, Курултай канчалык натыйжалуу иштесе, мамлекет өзгөрүүлөргө ошончолук тез реакция кылып, мыйзамдарды өркүндөтө алат.

Андрей Казанцев, Саясий илимдердин доктору, Нархоз университетинин профессору:

– Азыр партиялар партиялык-саясий тутумдун өзөгүн түзүүгө тийиш, алар модернизацияланып, өлкөнүн жашоосун жакшыртуу, экономикалык реформаларды жүргүзүү, саясий модернизацияны ишке ашыруу, эффективдүү көп векторлуу тышкы саясатты мындан ары өнүктүрүү жана башкалар.

Которгон: Назира Бегалиева