Мамлекет башчысынын кайрылуусу жана анын стратегиялык артыкчылыктарын ишке ашыруу жолдорун Курултайдын депутаттары, окумуштуулар жана серепчилер Астанадагы Президенттик борборунда талкуулашты. Экономикалык жана социалдык өзгөрүүлөр, инфраструктураны масштабдуу жаңылоо, энергетикалык жана суу коопсуздугу, жасалма интеллектти киргизүү көңүл борборунда болду. Катышуучулар Президент Касым-Жомарт Токаевдин демилгелерин ишке ашыруу үчүн зарыл болгон мыйзамдык өзгөрүүлөргө өзгөчө токтолушту. Парламентарий Юлия Кучинская белгилегендей, коюлган милдеттер коомдун актуалдуу талаптарына жооп берет. Депутаттын пикиринде, «Элдик курулуш» программасы өлкөнүн экономикасына дем бериши керек, натыйжасын бардык аймактар жана жарандар сезиши керек. Ошондуктан долбоорлорду натыйжалуу ишке ашырууну камсыз кылуу маанилүү.
Юлия Кучинская, Курултай депутаты, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин мүчөсү:
– «Элдик курулуш», мен муну абдан жакшы демилге, маанилүү деп эсептейм. Чынында, ал өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнүн жаңы этабын баштай алат. Бирок, буга жетишүү үчүн анын натыйжалуу ишке ашырылышын, абдан так пландаштырууну, кайсы долбоорду кандай максаттарда ишке ашырып жатканыбызды абдан так түшүнүүнү камсыз кылуу абдан маанилүү. Бөлүнгөн каражаттар чындап эле биздин экономиканын ичинде, өлкөбүздүн ичинде колдонулушун жана ата мекендик өндүрүштү өнүктүрүүгө багытталышын камсыз кылуу абдан маанилүү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

