Астанада Семей полигонунун жабылышынын 35 жылдыгына карата тегерек үстөл өттү

Астанада Семей полигонунун жабылышынын 35 жылдыгына карата тегерек үстөл өттү

Ядролук сыноолорсуз отуз беш жыл. 1991-жылдын баш оона айынын 29да Казакстан Семей ядролук полигонун жаап, андан кийин өзүнүн ядролук арсеналынан ыктыярдуу түрдө баш тарткан. Бул тандоо өлкөнүн куралсыздануу жана жайылтпоо чөйрөсүндөгү эл аралык авторитетин бекемдеген. Эки жылдан кийин Казакстан Ядролук куралды жайылтпоо келишимине катышуучу болуп, 1996-жылы Ядролук сыноолорду толук тыюу салуу келишимине биринчилерден болуп кол койгон. Мындан тышкары, регион өлкөлөрү менен бирге республика Борбордук Азияда ядролук куралдан эркин зонаны түзүү жөнүндө келишимге кол койгон. Бул маанилүү чечимдин тарыхый мааниси Казакстандан тышкары да кеңири жайылган. 2009-жылы - дал биздин өлкөнүн демилгеси менен БУУнун Башкы Ассамблеясы баш оонанын 29у Ядролук сыноолорго каршы аракеттердин эл аралык күнү деп жарыялаган. Бүгүн Казакстан тынчтык атомунун идеяларын илгерилетүү менен глобалдык жайылтпоо режимин бекемдөө багытын улантууда. Бул жолду Астанадагы тегерек үстөлдүн катышуучулары талкуулашты. Эксперттер өлкөбүздүн тынчтыкты жайылтуу тажрыйбасын мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Тимур Жантикин, Казакстандын Атомдук Энергия боюнча агенттигинин төрагасынын орун басары:

– Биз ядролук куралдан баш тарттык, ал кезде дүйнөдө үчүнчү же төртүнчү ядролук потенциал болчу. Бирок ошентсе да ядролук куралдан баш тартып, таза тынчтык багытын өнүктүрүү чечими кабыл алынган. Казакстан, жалпысынан алганда, бул кыймылдын лидерлеринин бири. Мисалы, Казакстан ядролук куралды жабуу жөнүндөгү келишимге биринчилерден болуп кол коюп, ратификациялаган. Башкача айтканда, Казакстандын авторитети белгилүү.

Которгон: Назира Бегалиева