Президенттик телерадиокомплекстин 30 жылдыгына арналган «Хроникадан келечекке» аттуу республикалык кинолекторий жыйынтыкталды. Документалдуу тасмалардын акыркы көрсөтүүсү Алматыда өттү. Программа эки тасманы камтыды - «ARAL» жана «AПОРT». Биринчиси Арал деңизинде өмүр бою балык уулоо менен алектенген Күнтуган Тургынбаев тууралуу баяндайт. Экинчиси белгилүү алманын сортунун тарыхына арналган - дүйнөлүк таанылышынан баштап, аны калыбына келтирүү боюнча азыркы иштерге чейин. Белгилей кетсек, масштабдуу долбоордун жүрүшүндө Казакстандын 20 шаарында көрсөтүүлөр өттү. Көрүүчүлөр Документалдуу кино борборунун жаратылыш, өлкөнүн тарыхы жана азыркы жашоосу тууралуу тасмаларын көрүштү. Көрсөтүүлөрдөн кийин алар авторлор менен баарлашып, тасмаларды жаратуу процесси тууралуу көбүрөөк биле алышты.
Гульбакыт Курманжанова, шаар тургуну:
– Мындай документалдуу тасмаларды көбүрөөк тартып, жаш муундарга байма-бай көрсөтүп турууну каалайт элем. Арал деңизинин жана апорттун тарыхы балдарга алыскы жомоктой сезилбеши керек. Арал кандай болгонун жана ал адамдардын жашоосуна кандай таасир эткенин билиши маанилүү. Мындай тасмалар тарыхый фактылардын негизинде бул тууралуу айтып берүүгө жардам берет.
Акылбек Шальжанов, Президенттик Телерадиокомплексинин Документалдуу кино борборунун мүдүрү:
Биздин негизги милдетибиз - документалдуу тасмалар аркылуу Мамлекет башчысынын ишин жана анын саясий курсунун негизги багыттарын аудиторияга көрсөтүү. Документалдык кино борбору Президенттин ишмердүүлүгүн жана мамлекеттик жашоонун маанилүү окуяларын чагылдырган материалдарды жаратат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

