Казакстандын курама командасы спорт робототехникасы боюнча дүйнөнүн алдыңкы төрт командасынын катарына кирди. Түштүк Кореянын Инчхон шаарында өткөн FIRST Global Challenge чемпионатында окуучулар 11 мелдешти утуп, плей-оффко чыгышты. Мелдешке 185 өлкөнүн командалары катышты. Быйыл катышуучулар токой өрттөрүнө каршы күрөшүүчү роботторду иштеп чыгышты. Алар өрттүн алдын алуу жана өчүрүү боюнча тапшырмаларды аткара ала турган роботторду долбоорлоп, чогултуп, программалаштырышы керек болчу. Мында окуучулардын инженердик жөндөмдүүлүктөрүнө да, командада иштөө жөндөмүнө да өзгөчө көңүл бурулду.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

