Казакстандын Президенти элге жолдогон кайрылуусунда 2027-жылды «Элдик масштабдуу курулуш жылы» деп жарыялады. Бул программа өлкөнүн бардык аймактарын камтыйт. Ал турак жайларды, социалдык объектилерди курууну, коммуналдык инфраструктураны модернизациялоону карайт. Иштер ири шаарларда гана эмес, райондук борборлордо жана айыл жергелеринде да башталат. Долбоорлордун тизмеси аймактардын муктаждыктарын жана инфраструктуранын абалын эске алуу менен түзүлөт.
Бакытжан Жунисбеков, Өнөр жай жана курулуш министрлигинин курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба иштери боюнча комитетинин төрагасы:
– Курулуштун конкреттүү планы, менимче, ушул багыттын алкагында ишке ашыруу пландаштырылган объектилердин тизмеси түрүндө даярдалат. Ал ушул жылдын аягына чейин түзүлөт. Бул тизмени иштеп чыгууга бардык тармактык министрликтер катышат. Жалпысынан, жылдын аягына чейин 2029-жылга чейин ишке ашырыла турган көлөмдөр жөнүндө жетиштүү ачык-айкын көрүнүш болот.
Масштабдуу программа курулуш материалдарынын кошумча көлөмүн талап кылат. Учурда тармактын муктаждыктарынын 70%га жакынын ата мекендик өндүрүүчүлөр камсыз кылат. Курулуш аянтчаларын керектүү нерселер менен камсыз кылуу үчүн министрлик алдын ала суроо-талапты баалоону жана ишканалар менен узак мөөнөттүү келишимдерди түзүүнү пландап жатат, ошондо алар өнүмдүн чыгышын көбөйтүүгө үлгүрүшөт.
Бакытжан Жунисбеков, Өнөр жай жана курулуш министрлигинин курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба иштери боюнча комитетинин төрагасы:
– Ири көлөмдөгү курулуш иштери, курулуш материалдарына болгон муктаждыкты талдоо жана узак мөөнөттүү-келишим түзүү, өндүрүштү кеңейтүү жана мамлекеттин товар өндүрүүчүлөргө карата колдоо чараларын пландаштыруу менен коштолот.
Программаны каржылоо үчүн бир нече булак каралган. Мамлекет башчысы кайрылуусунда айткандай, жалпы каражаттын көлөмү 6,5 триллион теңгени түзөт. Анын ичинен 1,5 триллион теңге жакынкы арада багытталат. Бюджеттик каражаттардан тышкары, жеке инвестициялар жана эл аралык каржы уюмдарынын ресурстары тартылат. Мындан тышкары, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдери да колдонулат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

