Казакстандын Улуттук музейинде искусствонун эмгек сиңирген ишмери, сүрөтчү Казакбай Ажибек уулунун «QYZĞALDAQ MEKENI» – «Кылгалдак мекени» аттуу жеке көргөзмөсү ачылды. Экспозиция өлкөнүн Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналды. Ага тарыхты, маданиятты, улуттук каада-салттарды жана муундардын уландысын чагылдырган 100 сүрөт кирди. Кездемелерде чексиз талаа пейзаждары, тарыхый инсандар жана казак элинин турмушунан алынган көрүнүштөр тартылган. Этностор аралык ынтымак темасына өзгөчө көңүл бурулган. Мисалы, «Жалпы үй» сүрөтүндө сүрөтчү Казакстанда жашаган ар түрдүү этнос өкүлдөрүн чагылдырып, биримдик жана тынчтыкта жашоо идеясын баса белгилеген. Көргөзмөнүн борбордук символу болуп кызгалдак саналды. Ал автордун ою боюнча эркиндикти, туруктуулукту жана элдин руханий мурасын чагылдырат. Сүрөт чебери өз эмгектери аркылуу өткөн чак менен азыркы учурдун байланышын жеткирүүгө, тарыхый эстутумду сактап калууга жана казак маданиятынын байлыгын көрсөтүүгө умтулат. Көргөзмө бештин айынын 25не чейин уланат.
Казакбай Ажибек уулу, Казакстан Республикасынын эмгек сиңирген искусство ишмери, сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү:
– Казакстандын тарыхы, казак элинин тарыхы, менимче, бул гүл менен образдуу түрдө байланыштуу. Катаал шарттарда, жамгырга, карга карабастан, ал өзүн, өз үйүн сактап калды. Биз эгемендүүлүк алдык. Күн чыгыш өлкөсү деген түшүнүк бар эмеспи. Менимче, биздин өлкөнү да «Кызгалдактар мекени» деп атоого толук негиз бар.
Енлик Меирхан, Астана эл аралык университетинин студенти:
– Бул көргөзмөнү көрүп, абдан кубандым, анткени ал, биринчиден, сүрөтчү биздин университеттен экенине кубансам, экинчиден, ушундай сонун музейде анын эмгектери коюлганы өзгөчө таасир калтырды. Бул эмгектер студенттерди шыктандырып, алар да өздөрүнө тиешелүү нерселерди алып, мыкты сүрөтчүлөр болуп чыгышына түрткү берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

