К. Токаев Түркмөнстандын Халк Маслахатынын төрагасы менен телефон аркылуу сүйлөштү

К. Токаев Түркмөнстандын Халк Маслахатынын төрагасы менен телефон аркылуу сүйлөштү

Казакстандын президентин биринчи бир палаталуу Курултайга ийгиликтүү шайлоо өткөргөндүгү менен Түркмөнстандын Халк Маслахатынын төрагасы телефон аркылуу куттуктады. Касым-Жомарт Токаев Гурбангулы Бердымухамедовго жылуу куттуктоосу жана Түркмөнстандан байкоочулардын шайлоо процессине жигердүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Тараптар достук жана стратегиялык өнөктөштүк духунда эки тараптуу мамилелердин динамикалуу өнүгүп жатканын белгилешти. Соода-экономикалык, транспорт-логистикалык, энергетика жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү келечегине өзгөчө көңүл бурулду.

Которгон: Назира Бегалиева