Казакстанда түшүм жыйноо өнөктүгү аяктоо баскычында турат. Учурда дан эгиндери 80% ашык аянттан жыйналып алынды - бул 13,5 миллион гектар. Орточо түшүмдүүлүк - гектарына дээрлик 15 центнер менен өлкө дыйкандары 20 миллион тоннага жакын дан жыйнашты. Айыл чарба министрлиги быйылкы жыйынтыктоо түшүм орточо көрсөткүчтөрдөн ашып, өлкөнүн ички муктаждыктарын толук камсыздоого мүмкүндүк берет деп күтөт, ошол эле учурда экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү сактап калат. Мындан тышкары, өлкөдө май өсүмдүктөрүнүн өндүрүшү да өсүүдө. Буга чейин 2,4 миллион тонна жыйналып алынган, ал эми сезондун жыйынтыгы боюнча рекорддук түшүм - 5 миллион тоннадан ашык болот деп болжолдонууда. Күтүлүп жаткан мол түшүмдүн фонунда ташуу көлөмдөрү да жогорулоодо. Транспорт министрлиги билдиргендей, 8 айда темир жол аркылуу дээрлик 10 миллион тонна дан ташылган - анын ичинен 7 миллион тоннадан ашыгы экспортко багытталды. Ошентип, Борбор Азия өлкөлөрүнө жана Кытайга жеткирүүлөр - үчтөн биринен ашык, ал эми Ооганстанга - 4,5 эсеге жакын өстү. Жаңы түшүмдү ташуу үчүн дээрлик 17 миң дан ташуучу вагон, 18 миңге жакын вагон жана эки миңден ашык локомотив даярдалды. Мекеме темир жол инфраструктурасынын өнүгүшү ташуу көлөмдөрүнүн өсүшү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү жаратат деп баса белгилейт.
Жанибек Тайжанов, Казакстан Республикасынын транспорт министринин орун басары:
– Кытай багытында Достук – Мойынты тилкесинде экинчи темир жол курулду. Алтынкөл станциясы жана Алтынкөл – Жетиген тилкеси модернизацияланды. Натыйжада, Кытай багытында өткөрүү жөндөмдүүлүгү суткасына 75 поездге чейин жеткирилди. Өзбек багытында Сарыагаш жана Оазис станцияларынын өткөрүү жөндөмдүүлүгү жогорулатылды. Дарбаза – Мактаарал темир жол линиясынын курулушу аяктап, Сырдарыя станциясы ачылгандан кийин өткөрүү мүмкүнчүлүгү суткасына 60 поездге чейин жетет. Орусиялык кесиптештер менен да тийиштүү сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Натыйжада, суткасына 100 поезд өткөрүүгө мүмкүндүк берген макулдашууларга жетишилди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

