Казакстанда жаңы жез эритүүчү завод курулат

Казакстанда жаңы жез эритүүчү завод курулат

Казакстанда жаңы жез эритүүчү завод курулат. Өлкөдөгү ири металлургиялык долбоорлордун бирине 750 миллиард теңгеден ашык инвестиция салынат. Жылына 300 миң тонна катоддук жез өндүрүүгө кубаттуу ишкана 2030-жылы пайдаланууга берилери пландалууда. Бул жерде алтын, күмүш жана күкүрт кислотасы да өндүрүлөт. Долбоорду өлкө Президентинин тапшырмаларынын алкагында ишке ашыруу мерчемделүүдө. Өнөр жай жана курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, завод ишке киргенден кийин Казакстанда жез өндүрүү көлөмү 1,5 эсеге көбөйүп, жылына 800 миң тоннага жетет. Мындан тышкары, кошумча наркы жогору продукциялардын экспорту кыйла өсүп, өлкө дүйнөдөгү жез өндүрүүчү алдыңкы мамлекеттердин катарына кирет.

Азамат Панбаев, Казакстан Республикасынын Өнөр жай жана курулуш министрлигинин Өнөр жай комитетинин төрагасы:

– Бүгүн Өкмөт тарабынан министрлик менен «Qazaq Smelter» ишканасынын ортосунда инвестициялар жөнүндө макулдашууга кол коюу жактырылды. Долбоор металлургия тармагындагы эң жаңы технологияларды жана алдыңкы экологиялык чечимдерди киргизүүнү карайт. Бул көмүртек изин азайтып, айлана-чөйрөгө тийгизген таасирди төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет. Долбоор металлургия тармагындагы эң ири долбоорлордун бири болот.

Белгилей кетсек, 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Казакстандын кайра иштетүү өнөр жайындагы өндүрүш көлөмү дээрлик 10% өстү. Өсүш негизинен унаа куруу, тамак-аш жана химия өнөр жайында, мунайды кайра иштетүүдө жана курулуш материалдарын өндүрүү тармагында катталды.

Которгон: Назира Бегалиева