Жыйырма
жыл мурун Борбор Азиянын беш өлкөсү Семей келишимине кол коюшуп, аймакты
өзөктүк куралдан эркин аймак катары белгилешкен. Бул дата БУУнун Женевадагы
кеңсесинде белгиленди. Катышуучулар ядролук куралды таркатпоону жана
куралсызданууну чыңдоодо
келишимдин ролун, ошондой эле
ядролук куралсыз зоналардын ортосундагы кызматташтыктын келечектерин талкуулашты. Казакстан
аймактык коңшулары менен бирге Африкадагы, Латын Америкасындагы, Түштүк-Чыгыш
Азиядагы жана Түштүк Тынч океандагы өзөктүк куралы жок аймактардын өкүлдөрүн
чогултту. Өлкөнүн Женевадагы БУУдагы туруктуу өкүлү Ержан
Казыхан Казакстандын куралсыздануу жана жайылтпоо иштерине кошкон салымын,
аймактын өзөктүк куралсыз макамын
бекемдөөнүн
маанилүүлүгүн баса белгиледи. Катышуучулар биргелешкен мамилени илгерилетүүнү
жана өзөктүк куралсыз аймактардын ортосунда тажрыйба алмашууну талкуулашты.
Татьяна
Валовая, БУУнун женевадагы кеңсесинин башкы мүдүрү:
– Биз бүгүн жөн гана мааракенин – 20 жылдыгын
белгилебестен –
бул тажрыйбаны кантип пайдалануу, аталган зоналарга кирген өлкөлөр ядролук куралы
бар өлкөлөр менен кантип иштешип жана кызматташып жатканы, буга кошумча биздин максатыбызга –
ядролук куралдан эркин дүйнөнү түзүүгө кантип жетээрибиз боюнча келечекке көз чаптырып жатабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

