Казакстандын вице-президенти балдардын укуктарын камсыз кылуу боюнча милдеттерди белгиледи

Казакстандын вице-президенти балдардын укуктарын камсыз кылуу боюнча милдеттерди белгиледи

Вице-президент Ерлан Карин балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыздоо чөйрөсүндөгү президенттик демилгелерди ишке ашыруу боюнча жыйын өткөрдү. Катышуучулар 2030-жылга чейин эсептелген «Казакстан балдары» концепциясын колдонууга токтолушту. Ерлан Карин үч жылдын ичинде балдарды коргоо чөйрөсүндө 11 мыйзам кабыл алынганын эске салды. Көрүлгөн чаралар 2024-жылга салыштырмалуу жашы жете электерге каршы кылмыштуулукту 45 пайызга кыскартууга өбөлгө түздү. Жардам берүү тутумун өнүктүрүү мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды комплекстүү колдоо жөнүндөгү мыйзам долбоору менен улантылат. Ал азыр Мамлекет башчысынын тапшырмасы боюнча Курултайдын депутаттары тарабынан иштелип чыгууда. Вице-президент документте коргоо боюнча конкреттүү механизмдер камтылышы жана мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү так аныкталышы керектигин баса белгиледи. Ерлан Карин аймактарда балдардын укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү президенттик тапшырмалардын аткарылышын ай сайын жүргүзүүнү тапшырды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков