Астанада өткөн тегерек үстөлдө серепчилер,
аналитиктер жана укук таануучулар шайлоонун жыйынтыгын жана бир палаталуу
Курултайдын алдында турган милдеттерди талкуулашты. Парламентаризм институтунда
жаңы депутаттык корпус конституциялык реформа шартында иштөө, ага анын
практикалык мыйзам чыгаруучу ишке ашыруу милдети жүктөлгөндүгү жөнүндө сөз
болду. Мыйзамдарды иштеп чыгуунун сапаты гана эмес, депутаттардын, эксперттик
коомчулук менен өз ара аракеттенүүсү да өзгөчө мааниге ээ болот. Аймактар
менен парламенттин байланышы, жарандардын талаптарын эске алуу зарылдыгы
тууралуу өзүнчө сөз болду. Өкүлчүлүктүү органдын жаңы курамы буга чейин
башталган ишти улантууга тийиш. Мурунку парламент тарабынан киргизилген мыйзам
долбоорлору каралууда. Алар социалдык жана экономикалык чөйрөлөрдү камтыйт.
Серепчилердин айтымында, жаңы чакырылыш буга чейин калыптанган мыйзам чыгаруу
күн тартибин алат. Кээ бир маселелер мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү талап кылат. Башкаларын
мамлекеттик программалар жана өкмөттүн иши аркылуу чечсе болот.
Юлия
Костяная, Парламентаризм институтунун жеке мыйзамдуулук борборунун башчысы:
- Эми партиялар шайлоо алдындагы программасын кантип ишке
ашырышат. Муну биздин өлкөнүн президенти да белгиледи, азыр мыйзамдардын
сапатына көңүл бурушубуз керек. Ошондой эле мыйзамдардын кабыл алынышынын
ылдамдыгы жогорулайт. Ошондуктан биринчи кезекте, албетте, азыр Курултайда боло
турган фракцияларга, депутаттарга мыйзамдардын сапатына, ошондой эле
коомчулуктун канчалык деңгээлде угулганына, коомдун муктаждыктарына кайрылуу
керек болот.
Которгон: Назира Бегалиева

