Ишканалардагы,
район борборлорундагы жана айылдардагы жолугушуулар Курултай депутаттыгына
талапкерлерге өздөрүнүн программасы тууралуу маалымат берүүгө, ошондой эле тургундарды
түйшөлткөн маселелерди бетме-бет талкуулоого мүмкүнчүлүк түзүүдө. Аймагы кенен
Казакстан үчүн мындай формат өзгөчө маанилүү. Анткени ал ар кайсы аймактагы эл
менен активдүү диалог жүргүзүүгө жол ачат. Эксперттердин
пикиринде, бул Курултайдын болочоктогу иши үчүн да чоң мааниге ээ. Келечектеги
мыйзамдардын талкууланышына негиз боло турган саясий багыттарды жана
мандаттардын бөлүнүшүн дал ушул элдин тандоосу аныктайт. Ошол эле учурда,
аналитиктер белгилегендей, эл менен баарлашуунун түрдүү жолдорун колдонуп,
шайлоочулар менен түз байланышта болуу өтө маанилүү.
Гульмира
Туканова, КР стратегиялык изилдөөлөр институтунун КИСИ башкы эксперти:
– Үгүт
кампаниясы — бул шайлоонун алдында эл менен байланышуунун эң тез жана алгачкы
ыкмасы. Анын негизги максаты — талапкердин шайлоо алдындагы программасынын
башкы идеяларын жеткирүү. Бул жаатта үгүт жүргүзүүнүн бардык мыйзамдуу жана
жеткиликтүү жолдорун колдонуу керек. Ошондуктан «кайсы бир ыкма көбүрөөк
натыйжа берет» деп айтуу туура эмес болуп калат. Башкача айтканда, эл арасына
чыгып, шайлоочулар менен түздөн-түз баарлашуу зарыл.
Адистер
ошондой эле азыркы шайлоо өнөктүгүнүн негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири катары
саясатка жаңы жүздөрдүн келишин белгилешүүдө. Саясат таануучу Аман
Мамбеталиевдин пикиринде, бүгүнкү күндө партиялар ички ишмердүүлүгүн кайра
карап чыгып, коом менен иштешүүнүн жаңы жолдорун издөөдө. Курултайдын болочок
курамы бир топ маанилүү чечимдерди, анын ичинде бюджетти түзүү маселелерин
кабыл алышы керек. Ошондуктан партияларга жана талапкерлерге коюлган талаптар
барган сайын күчөөдө. Мында алардын тажрыйбасы,
көз карашы, ошондой эле өлкө кызыкчылыгы үчүн тил табышып, орток чечим таба
билүү жөндөмү чечүүчү ролду ойнойт.
Аман Мамбеталиев, саясат таануучу:
– Биз
жаңы Курултай — бул коалиция тууралуу иш экенин түшүнүшүбүз керек. Бул жерде
партия ичиндеги эле эмес, партиялар аралык да коалиция тууралуу сөз болууда.
Анткени ар кандай партияларда көйгөйлөрдү чечүүдө окшош көз караштагы адамдар
бар. Алар өздөрүнүн программаларына жана кайсы партиядан экенине карабастан, айрым
маселелерди чечүү үчүн келишүүгө даяр жана милдеттүү.
Которгон: Назира Бегалиева

