Жыл аягына чейин Дарбаза-Маактаарал темир жол линиясында кыймыл ачылат

Жыл аягына чейин Дарбаза-Маактаарал темир жол линиясында кыймыл ачылат

Жаңы Дарбаза-Мактаарал жаңы темир жол линиясын жыл аягына чейин кыймылга келтирүү пландалууда. Негизги жолдордун узундугу дээрлик 128 чакырымды түзөт. Жер иштери 98% бүтүп, 105 чакырымдан ашык жол салынды. Жолдун түбүн, магистралдык жолду төшөө жана жол байланыштарын тогуздун айында бүтүрүү мерчемделүүдө. Буга чейин 29 көпүрө курулуп, 129 суу өткөргүчтүн 124ү орнотулган. Долбоорго 1800дөн ашык жумушчу жана миңге жакын техника тартылган. Жаңы линия Өзбекстан менен кошумча темир жол каттамын түзүп, Сарыагаш-Ташкент тилкесиндеги тыгындарды азайтып, тармактын өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатат. Долбоор Казакстандын транзиттик дараметин  Борбор Азия өлкөлөрүнө да кеңейтет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков