Казакстандыктардын дээрлик 87% Президентке ишенет. Бир жыл ичинде бул көрсөткүч 3 пайыздык пунктка жогорулады. Бул тууралуу Казакстандын коомдук өнүгүү институтунун сурамжылоосунун жыйынтыктары көрсөтүп турат. Казакстандыктардын 66%га жакыны Мамлекет башчысынын демилгелерине дайыма же мезгил-мезгили менен байкоо салып турат. Мында эң көп колдоого алынгандардын арасында бир палаталуу Курултайга өтүү, 2026-жылды санариптештирүү жана жасалма интеллект жылы деп жарыялоо, ошондой эле «Улуттук фонд – балдарга» каражаттарын турак жайга жана билим берүүгө пайдалануу бар. Коомчулукта технологиялык өнүгүү, атомдук энергетика, билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү демилгелер да чоң кызыгууну жаратууда. «Таза Казакстан» программасынын алкагындагы долбоорлор да өзүнчө белгиленет. Жалпысынан изилдөө өлкө жарандарынын мамлекеттик институттарга туруктуу ишенимин жана өлкөдөгү кырдаалды позитивдүү кабыл алуусун көрсөтөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

