Astana AI Film Festival сынагына 90дон ашуун өлкөдөн миңден ашуун сүрөттөр келип түштү. Уюштуруучулар билдиргендей, мындай география фильмдерди жаратууда жасалма интеллектти колдонууга дүйнөлүк киноиндустриянын кызыгуусунун өсүп жатканын көрсөтөт. АКШ, Индия жана казакстандык авторлор эң активдүүлүгүн көрсөтүштү. Суроо-талаптын жогорулугуна байланыштуу арыздарды кабыл алуу баш оона айынын 31ине чейин узартылды, андыктан сынактарга катышууга дагы мүмкүнчүлүк бар. Фестивалдын эл аралык калыстар курамына ЮНЕСКОнун экс-башкы мүдүрү Одри Азуле, China Film Group компаниясынын өкүлдөрү Ма Пин жана Бээжин киноакадемиясынын өкүлү Ван Хао кирди. Astana AI Film Festival Казакстандын борбору Астанада тогуздун айынын 1инен 3үнө чейин Astana AI Week жумалыгынын алкагында өтөт. Программада – 1 миллион доллар байге фондусу бар эл аралык жасалма интеллект фильмдер сынагы, ошондой эле конференция, долбоорлорду жарыялоо, кино көрсөтүүлөр жана жасалма интеллект, киноиндустрия чөйрөсүндөгү дүйнөлүк алдыңкы эксперттер менен жолугушуулар камтылган. Эске салсак, фестивалда катышуу акысыз, ал эми эмгектин узактыгы кеминде 3 мүнөт болушу керек. Маанилүүсү, сүрөттү иштеп чыгуу үчүн гана эмес фильмди жаратууда генеративдик жасалма интеллект колдонулушу керек.
Которгон: Назира Бегалиева

