Казакстандын демилгеси менен түзүлгөн С5+ форматы аймактын өнүгүшүнө өбөлгө түзүүдө

Казакстандын демилгеси менен түзүлгөн С5+ форматы аймактын өнүгүшүнө өбөлгө түзүүдө

Саясаттан экономикага – «С5+» форматындагы Борбор Азиянын АКШ менен он жылдан ашык өз ара аракеттенүүсү натыйжалуулугун далилдеди, бул регионго экономиканын негизги тармактарына инвестицияларды тартууга мүмкүндүк берди. Атап айтканда, транспорт, логистика, энергетика жана жогорку технологиялар тармактарына. Silk Way телеканалына берген маегинде Казакстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Кайрат Умаров форматтын түзүлүү тарыхы менен бөлүштү. Өлкө аны 2013-жылы эле демилгелеген. Ал эми 2015-жылы АКШ администрациясынын жана регион өлкөлөрүнүн өкүлдөрүнүн алгачкы министрлер жолугушуулары болуп өттү – алгач Нью-Йоркто, андан кийин Самарканда. Кайрат Умаровдун айтымында, бул механизм Борбор Азия өлкөлөрүн америкалык өнөктөштөр менен жакындаштырып, ар кандай тармактарда ийгиликтерге жетишүүгө мүмкүндүк берди. Бүгүнкү күндө АКШ менен С5 форматы өнүгүп, өз ара аракеттенүүнүн жаңы багыттары кошулууда. Атайын бизнес-аянтча коммерциялык келишимдерге кол коюуга, ал эми сейрек кездешүүчү металлдар боюнча диалог – геологиялык чалгындоо, казып алуу, кайра иштетүү жана региондо жогорку кошумча нарктуу ишканаларды түзүү келечегин талкуулоого мүмкүндүк берет. Казакстандын БУУдагы туруктуу өкүлү белгилегендей, көп тараптуу дипломатиянын активдүү өнүгүшүнүн аркасында Борбор Азия бүгүнкү күндө Евразия мейкиндигинде маанилүү стратегиялык өнөктөш катары каралууда. Ал эми Алматыда алгачкы жолу түзүлгөн БУУнун туруктуу өнүгүү максаттары боюнча регионалдык борбору – региондун өнүгүү күн тартибиндеги кийинки логикалык кадам болуп саналат.

Кайрат Умаров, Казакстан Республикасынын БУУдагы туруктуу өкүлү:

–  Борбордук Азияга БУУда да дал ушундай көз караш менен карай башташты. Аймактагы өлкөлөр бирдиктүү аймак катары жакындашып, жалпы демилгелерди көтөрүп, тынчтыкты чыңдоого умтулууда. Менин оюмча, эгер ушул багытта аракетибизди уланта берсек, мүмкүнчүлүктөрүбүз чексиз болот. Жыл сайын өз ара кызыкчылык жараткан кызматташтыктын жаңы багыттары пайда болууда. Мындан тышкары, өз ара аракеттенүүнүн башка да механизмдери бар. Алардын бардыгы Борбордук Азия элдеринин бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган

Которгон: Илгиз Жамалбеков