Астанада өлкөнүн келечегинде жаштардын ролу талкууланды

Астанада өлкөнүн келечегинде жаштардын ролу талкууланды

Астанада Казакстандын Президентинин кайрылуусундагы негизги артыкчылыктарын ишке ашырууда жаштардын ролу талкууланды. Qazaq AI Research University аянтчасында серепчилер жана студенттер билим берүү системасын өнүктүрүү, жаңы технологияларды киргизүү, кесиптик келечек жана азыркы дүйнөдө жаштардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү боюнча пикир алмашышты. Эске салсак, кайрылууда мамлекет башчысы билимдин, илимдин жана инновациялардын өзгөчө ролун баса белгилеген. Анын айтымында, келечек жасалма интеллектти жана алдыңкы технологияларды өздөштүргөн өлкөлөрдө болот. Ошондуктан, Казакстан үчүн толук  санариптештирүү боюнча алынган багыттын шарттарында зарыл болгон адистештирилген окутууну жолго салуу маанилүү.

Сапар Токсанов, Qazaq AI Research University университетинин ректору:

– Өлкөгө кадрлар керек. Биз AI+X моделдеринин багытын өнүктүрүп жатабыз. Бул AI боюнча фундаменталдык даярдыкты киргизүү: логика, алгоритмдер, математика, Machine Learning, Deep Learning. Ал эми X – бул тармактык даярдык, тагыраак айтканда, бул тууралуу президент айтып өттү. Биз жасалма интеллектти ар кандай тармактарда ишке ашыра турган адистерди даярдашыбыз керек, алар бизнес-процесстерди оптималдаштырууну жана AI аркылуу санариптештирүү жолун түшүнүшү керек.

Которгон: Илгиз Жамалбеков