Кийиз жасоо, казактын салттуу сайма өнөрү, ошондой эле салбуурун – тайган жана бүркүт менен аңчылык кылуу ЮНЕСКОнун материалдык эмес мурастар тизмесине кириши мүмкүн. Бул тизмеге акыркы 10 жылда Казакстандын катышуусунда маданияттын 14 элементи киргизилген. Өлкөдө быйыл да маданий мурастарды масштабдуу инвентаризациялоо иштерин жүргүзүү пландалууда. Окумуштуулар маданий элементтер жана салттарды алып жүрүүчүлөр тууралуу маалымат чогултууну көздөшүүдө. Бул тууралуу Астанада өтүп жаткан материалдык эмес маданий мурастарды сактоо боюнча семинарда билдиришти. Ага Казакстан, Кыргызстан жана Таиланддан келген ЮНЕСКОнун эл аралык фасилитаторлору катышууда. Адистер маданий кызматташтык чөйрөсүндөгү демилгелерин көрсөтүп, бул багытты мындан ары өнүктүрүү боюнча тажрыйбалары менен бөлүшүп жатышат.
Сания Баженеева, ЮНЕСКОнун эл аралык фасилитатору, /Казакстан/:
– Биз ЮНЕСКОнун 2003-жылдагы Конвенциясынын алкагында Атайын тизмеге киргизүү үчүн номинациялар боюнча иш алып барып жатабыз. Мындай номинациялар эмне үчүн жана кандай максатта керек экендигин, ошондой эле Атайын тизменин маанисин талкуулап жатабыз. Белгилүү бир элементти киргизүүнүн өлкөгө кандай пайда алып келерин карайбыз. Мындан тышкары, мурастын алып жүрүүчүлөрүнүн иши жана алардын тажрыйбасын кийинки муундарга кантип өнүктүрүп, өткөрүп берүү керектиги жөнүндө сүйлөшөбүз. Анткени дал ушул салттуу көндүмдөргө ээ адамдар материалдык эмес маданий мурастын өзгөчөлүгүн түзөт.
Линина Пхуттитарн, ЮНЕСКОнун эл аралык фасилитатору, /Тайланд Падышалыгы/:
– Бул семинар Казакстандын маданий мурасын сактоо боюнча аракеттерин улантуу үчүн маанилүү. Ал номинациялык документтерди даярдоого арналган. Максаты - ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизүү үчүн документтерди туура тариздөө. Ал эми бул чоң иш – мурасты сактоо чаралары жана өлкөдөгү салттуу маданий практикалар жөнүндө толук маалымат чогултуп, аны системалаштырып, баарын бир документке бириктирүү керек.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

