Казакстанды дүйнөлүк физикалык жасалма интеллекттин хабына айландырууну NVIDIA компаниясынын тең негиздөөчүсү жана башчысы сунуштады. Мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев Акордада Дженсен Хуангды кабыл алды. Жолугушууда Казакстандын Президенти жасалма интеллектти жана санариптештирүүнү өнүктүрүүнү улуттук артыкчылык деп атады, ошондой эле 2026-жыл өлкөдө Санариптештирүү жана жасалма интеллект жылы деп жарыяланганын эске салды. Касым-Жомарт Токаев ошондой эле NVIDIA компаниясынын президентинин сапарынын эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө үчүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, анын дүйнөлүк экосистеманын көрүнүктүү катышуучусуна айланган биринчи казакстандык технологиялык «бир мүйүздүү» Higgsfield менен өнөктөштүгүн кубаттады.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– Бул сапардын NVIDIA менен кызматташтыкты олуттуу түрдө илгерилетүү жагынан биз үчүн чоң мааниси бар. Өнөктөштүгүбүздү бекемдөөгө кошкон салымыңыз жана Казакстан үчүн жасап жаткан ишиңиз үчүн жеке өзүм ыраазычылык билдиргим келет.
Өз кезегинде NVIDIAнын башчысы Президенттин жаңы индустриалдык революциянын башында койгон стратегиялык максатын – Казакстан AI-улутка, жасалма интеллектти өнүктүрүүгө жана кеңири жайылтууга багытталган мамлекетке айландырууну жогору баалады. Дженсен Хуанг өлкө менен кызматташуу олуттуу натыйжаларды бергенин белгиледи. Бүгүнкү күндө NVIDIA Firebird AI KZ жана Казактелекомду камтыган казакстандык компаниялар менен өнөктөштүктү өнүктүрүп жатат. Бул жолдун башталышы гана, деп баса белгиледи Дженсен Хуанг.
Дженсен Хуанг, NVIDIA компаниясынын президенти:
– Жасалма интеллекттин өнүгүшү үчүн биринчи кезекте энергия ресурстары, ошондой эле илим, математика жана технология жаатында билимге ээ адамдар керек. Казакстан бул багыттардын ар бирин өнүктүрүү үчүн чоң дараметке ээ.
Соңунда Касым-Жомарт Токаев Дженсен Хуангды казакстандык жасалма интеллект экосистемасын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн I даражадагы «Достук» ордени менен сыйлады.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

