Казакстанда ири дүйнөлүк IT-компаниялардын маалымат борборлорун жайгаштыруу пландалууда. Анын ичинде америкалык Amazon да бар. Өлкөнүн жасалма интеллект жана санариптик өнүктүрүү министрлиги корпорациянын өкүлдөрү менен булуттук кызматтарды ишке киргизүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Биринчи сыноо ишке киргизүүлөр жыл аягына чейин башталышы мүмкүн. Булуттук технологиялар бир нече уюмдарга өзүнүн сервердик инфраструктурасы жок эле керектүү эсептөө кубаттуулуктарын алууга жана чоң көлөмдөгү маалыматтарды сактоого мүмкүндүк берет. Бул Борбор Азиянын аймактык санариптик хабына айлануу максатына жетүүгө жардам берет. Эске салсак, өлкөдө «Маалымат борборлор өрөөнү» - Data Center Valley курулушу башталган. Аянттын жалпы кубаттуулугу 1 гигаваттты түзөт.
Жолдас Саханов, жасалма интеллект жана санариптик өнүктүрүү министрлигинин комитет төрагасы:
– Амазон булут сервиси бар, ал абдан көп кызматтарды камтыйт, жогорку деңгээлдеги коопсуздукту камсыз кылат жана дүйнө жүзү боюнча ири IT компаниялары анын кызматтарын колдонушат. Башкача айтканда, биз хабыбызды бул жакка Казакстанга топтосок, анда башка бардык ири IT-компаниялар Казакстанда өздөрүнүн өкүлчүлүктөрүн ача алышат. Башкача айтканда, алар ар бир адам колдонгон булутту камсыздайт, биз Казакстан катары регионалдык хаб боло алабыз, ошол эле учурда Борбордук Азия үчүн дагы.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

