Казакстандын өкмөтү бир жуманын ичинде Президенттин Жарлыгын ишке ашыруу боюнча жалпы улуттук планды даярдайт. Премьер-министр Олжас Бектеновдун төрагалыгы астында өткөн жыйында коюлган милдеттерди аткаруу чаралары талкууланды. Ошентип, негизги багыттардын бири «Элдик курулуш» программасы болот. Жылдын аягына чейин аймактардын муктаждыктары аныкталып, инфраструктуралык жана социалдык долбоорлордун тизмеси түзүлөт. Милдеттердин өзүнчө блогу санариптик экономиканы өнүктүрүүгө байланыштуу. Өкмөт айыл чарба комплексинде, транспорт тармагында жана мамлекеттик башкарууда жасалма интеллектти колдонууну кеңейтүүнү көздөйт. Мындан тышкары, жыл аягына чейин тиешелүү мекемелер чакан жана орто бизнести өнүктүрүү пландарын иштеп чыгат. Ишкерлердин узак мөөнөттүү каржылоого жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү жана чакан, орто бизнести текшерүүгө мораторий киргизүү боюнча иштер жүргүзүлөт. Башка артыкчылыктардын катарында саламаттыкты сактоону модернизациялоо, өзгөчө муктаждыктары бар балдарды колдоо, жаңы Жарандык кодексти даярдоо бар.
Олжас Бектенов, Казакстан Премьер-Министри:
– Президент Касым-Жомарт Кемелевич Токаев «Казакстандын жаңы тарыхый циклинин актуалдуу милдеттери» деген Кайрылуусунда негизги максатты койду – Адилеттүү, Күчтүү, Өнүккөн Казакстанды куруу. Ага жетүү үчүн өлкөбүздүн бар болгон дарамети жана азыркы инновациялык шарттарда ачылып жаткан кеңири мүмкүнчүлүктөр максималдуу пайдаланылышы керек. Мамлекет башчысы жарыялаган «Элдик курулуш» деген масштабдуу программа бардык экономика тармактарындагы ири инфраструктуралык өзгөрүүлөргө жана реформаларга түрткү берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

