Өткөн жылы Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн ортосундагы соода жүгүртүү 95 миллиард долларды түзгөн. Быйыл бул көрсөткүч 7%дан ашык өсүп, 102 миллиард долларга жетет деп күтүлүүдө. Бул тууралуу Казакстандын Премьер-министри Олжас Бектенов Кыргызстандын Чолпон-Ата шаарында өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында билдирди. Жыйында Биримдиктин ички рыногун мындан ары өнүктүрүү жана санариптик кызматташтыкты кеңейтүү маселелери каралды. Олжас Бектенов учурдагы тышкы чакырыктар шартында экономикалык кызматташтыкты чыңдоонун мааниси артып жатканын баса белгиледи. Биримдиктин алкагында товарларды электрондук соодалоо жөнүндөгү макулдашуу да бар.
Жанель Кушукова, Казакстан Республикасынын соода жана интеграция министринин орун басары:
- Бул жыйында маанилүү документтер кабыл алынды. Алардын эң маанилүүлөрүнүн бири брокерлер жана диллерлерге тиешелүү. Бул макулдашуу уюмга мүчө мамлекеттерде финансылык рынокторду өнүктүрүүгө көмөктөшүү максатында демилгеленген. Башкача айтканда, мындан ары брокерлер менен диллерлер Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн аймагында иш алып бара алышат.
Казак тарап Биримдиктин алкагында азык-түлүк менен камсыздоого комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн максатка ылайыктуулугун баса белгиледи. Бул тармакта өлкөнүн экспорттук дарамети өстү. 2025-жылдын аягына карата мал жана өсүмдүк тектүү өнүмдөрдү, даяр азык-түлүк товарларын камтыган жеткирүүлөрдүн көлөмү болжол менен 7 миллиард долларды түздү. Жалпы көлөмдүн тең жарымын кайра иштетилген продукциялар түзөт, ал эми экспортто буудай өзгөчө чоң үлүшкө ээ.
Назгуль Хатепова, Казакстан Республикасынын Айыл чарба министринин орун басары:
- Өткөн жылы биз 25,9 миллион тонна дан эгиндерин өндүрдүк. Мунун аркасында биз буудай экспорттоочу дүйнөдөгү алдыңкы он өлкөнүн катарына кирдик. Жалпысынан алганда, ЕАЭБдин алкагында биз дан, май өсүмдүктөрү, ун жана макарон азыктары сыяктуу маанилүү азык-түлүк товарларынын негизги жеткирүүчүсү болуп саналабыз.
Которгон: Назира Бегалиева

