Казакстанда өткөн IPAF саммити дүйнөнүн 19 өлкөсүнөн келген каржы эксперттеринин башын бириктирди

Казакстанда өткөн IPAF саммити дүйнөнүн 19 өлкөсүнөн келген каржы эксперттеринин башын бириктирди

Казакстан биринчи жолу мамлекеттик активдерди башкаруу боюнча компаниялардын X юбилейлик саммитин жана эл аралык форумун өткөрүүдө. Астанага 19 өлкөнүн мекемелеринин, борбордук банктардын, эл аралык каржы институттарынын, инвестициялык компаниялардын өкүлдөрү жана тармактык серепчилер чогулушту. Катышуучулардын пикири боюнча, дүйнөлүк каржы сектору олуттуу өзгөрүүлөрдү башынан кечирип жатат. Карыз алуунун жогорку наркы, сырьелук рыноктордун туруксуздугу жана глобалдык жеткирүү чынжырларынын кайра курулушу каржы системаларынын туруктуулугун камсыз кылууга жаңы мамилелерди талап кылат. Ал эми бул жерде тобокелдиктерди эрте аныктоо механизмдери алдыңкы орунга чыгат: жаңы санариптик платформалар жана жасалма интеллект технологиялары. Премьер-министрдин орун басары - улуттук экономика министри Серик Жумангариндин айтымында, Казакстан IPAFди регионалдык каржы коопсуздугун чыңдоо жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү үчүн негизги аянтчалардын бири катары карайт.

 

Серик Жумангарин, Премьер-министрдин орун басары - улуттук экономика министри:

 

– Бул саммитти Астанада өткөрүү менен биз бирдиктүү стандарттарды иштеп чыгуу, жеке инвестицияларды тартуу жана Азия-Тынч океан аймагындагы өлкөлөрдүн финансылык туруктуулугун чыңдоо үчүн аракетибизди бириктирүүгө умтулабыз. Биз түздөн-түз диалогго, узак мөөнөттүү өнөктөштүккө жана эң алдыңкы глобалдык стандарттарды биргелешип түзүүгө даярбыз.

 

Которгон: Назира Бегалиева