Казакстандын айыл чарба тармагында санариптик
технологиялар барган сайын активдүү колдонулууда. Мамлекет башчысынын
тапшырмасы менен тармакка заманбап чечимдер киргизилүүдө. Алар жердин абалына
көз салууга, малдын башын эсепке алууга жардам берет. Мындан
тышкары, жасалма интеллекттин жардамы менен дыйкандар түшүмдү болжолдоп,
тобокелчиликтерин азайта алышат. Натыйжалары да айкын. Өлкөнүн батышында
ушул түшүм жыйноо өнөктүгүнүн алкагында буудайдын ар бир гектарынан 70
центнерге чейин түшүм жыйналууда. Бардык кадамдар -
себүүдөн баштап тазалоого чейин-санариптик система көзөмөлдөйт. Ал
талаанын абалын, жер семирткичтердин берилишин жана аба ырайын реалдуу убакыт
режиминде анализдеп, так жана натыйжалуу чечимдерди кабыл алууга көмөктөшөт. Бардык
маалыматтар мобилдик тиркемеде жеткиликтүү болгондуктан, кырдаалды түздөн-түз
смартфондон көзөмөлдөөгө болот.
Армат Бисенов фермердик чарбанын директору:
– Биздин бардык талааларыбыз санариптештирилген.
Ар бир жолу баарын кол менен өзгөртүп, оңдоп отуруунун кереги жок. Химиялык
иштетүүлөр, жер семирткичтер, үрөн себүү нормалары — мунун баарын биз көзөмөлдөйбүз. Мындан тышкары,
биз потенциалдуу түшүмдүүлүктү алдын ала көрө алабыз
Жасулан Халиуллин, батыш Казакстан облустук айыл чарба
башкармалыгынын жетекчиси:
- Биздин
аймакта заманбап технологиялар натыйжалуу киргизилүүдө. GrowSafe системасы өзүн
жакшы тарабынан көрсөтө алды. Азырынча мындай түзүлүштөр өлкө боюнча төрт
чарбага жана биздин агрардык университетке орнотулган. Мындан тышкары, 330дан
ашык фермердик чарба малдын жайгашкан жерин аныктоо үчүн GPS-трекерлерди
колдонушат. Ал эми жылкыларды жана башка малды издөө, кайтаруу үчүн 22 дрон
тартылган.
Санариптик чечимдер мал чарбачылыгына да киргизилүүдө. Ушундай системалары бар техникаларды сатып алган чарбаларды мамлекет колдоого алат. Аларды сатып алууга кеткен чыгымдардын бир бөлүгү субсидиялардын эсебинен орду толтурулат. Бул дыйкандарга чыгымдарды азайтууга жана айыл чарба техникалар паркын үзгүлтүксүз жаңыртып турууга жардам берет.
Которгон: Назира Бегалиева

