Казакстанда электр станцияларын модернизациялоого 384 млрд теңге бөлүндү

Казакстанда электр станцияларын модернизациялоого 384 млрд теңге бөлүндү

Быйыл Казакстанда электр станцияларын оңдоого 384 миллиард теңге бөлүнөт. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 9% көп. Жалпысынан 9 энергоблокту, 50дөн ашык буу казанды жана турбинаны капиталдык жаңыртуу пландалууда. Өкмөттүн маалыматына ылайык, жылытуу мезгилине даярдык кызуу жүрүп, белгиленген графикке ылайык аткарылууда. Электр тармактары жана жылуулук магистралдары да жаңыланууда. Учурда 6 миң чакырымдан ашык электр берүү линиясы, 135 көмөкчордон жана 65 чакырым жылуулук тармагы оңдолду. Жыл аягына чейин 17 миң чакырымдан ашык электр тармагын жана 377 чакырым жылуулук тармагын жаңыртуу пландалууда.

Ержан Ертаев, Казакстан Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу комитеттин төрагасы:

– Отун менен камсыздоо маселеси да өзгөчө көңүл борборунда. Энергия булактарынын отун кампаларында 3,5 миллион тонна көмүр жана 143 миң тонна мазут топтолгон. Коммуналдык-тиричилик объектилерин жана калкты көмүр менен камсыздоо үчүн 7,3 миллион тонна көмүр даярдоо пландалууда. Жылытуу мезгилине даярдык боюнча бардык иш-чаралар бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүп, алардын аткарылышы Энергетика министрлигинин туруктуу көзөмөлүндө.

Которгон: Назира Бегалиева