Борбордук шайлоо
комиссиясы Казакстандын бардык аймактарындагы шайлоо тилкелерин текшерип бүттү.
Текшерүүнүн жыйынтыгында Курултайга өтө турган шайлоого даярдык жогорку
деңгээлде экени белгиленди. Өзгөчө мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочулар үчүн
шайлоо тилкелеринде тиешелүү шарттарды түзүүгө көңүл бурулду. Мисалы, Батыш
Казакстан облусунда 2 300дөн ашык шайлоочу өзгөчө шарттарга муктаж. Добуш берүү
күнү алар үчүн «Инватакси» кызматынын 55 унаасы жана жаңдоо тили боюнча
котормочулардын кызматтары жеткиликтүү болот. Мындан тышкары, бардык шайлоо
тилкелери имараттардын биринчи кабаттарына жайгаштырылган. Ошондой эле аймакта
колл-борбор иштеп жатат. Өзүнүн шайлоо тилкесинин дарегин жеке идентификациялык
номери аркылуу Telegram-боттон да билүүгө болот.
Шавхат Утемисов,
Казакстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын катчысы:
– Аймакта шайлоочуларга
маалымат берүүнүн жаңы форматы – атайын маалыматтык күркөлөр киргизилди. Алар
ири соода борборуна, аэропортко жана темир жол вокзалына жайгаштырылды. Ал
жерде жаштардын өкүлдөрү нөөмөттө турушат. Алар шайлоонун өтө турган күнү,
шайлоочулардын укуктары, өздөрүнүн шайлоочулардын тизмесиндеги маалыматтарын
текшерүү жолдору жана саясий партиялар тууралуу маалымат беришет. Ошондой эле
маалыматтык материалдарды таратышат. Мында жаш активисттер бардык иштерди өз
алдынча уюштурушат.
Которгон: Назира Бегалиева

