Казакстан транзиттик жүк ташуунун көлөмүн 100 миллион тоннага жеткирүүнү пландоодо

Казакстан транзиттик жүк ташуунун көлөмүн 100 миллион тоннага жеткирүүнү пландоодо

Казакстан 2035-жылга чейин транзиттик ташуулардын көлөмүн жылына 100 миллион тоннага жеткирүүнү пландап жатат. Өлкө деңиз портунун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн 4 эсеге, ал эми флоттун кубаттуулугун 5 эсеге көбөйтүүнү көздөйт. Транспорт министрлигинин маалыматы боюнча, өткөн жылы Казакстан аркылуу транзиттик ташуулар 18% өскөн. Ал эми жыл башынан бери тармак 7% өсүштү көрсөттү. Акыркы жылдары өлкөдө 36 миң чакырымдан ашык автоунаа жана беш миң чакырымдан ашык темир жол модернизацияланган. Артыкчылыктардын арасында - жүктөрдү чек арадан өткөрүүнү тездетүү үчүн «жашыл коридорлорду» жана «бирдиктүү терезе» принцибин киргизүү. Ошондой эле, электрондук документ жүгүртүүнү жана жүк ташууларды көзөмөлдөөнү камсыз кылган Smart Cargo санариптик платформасы ишке киргизилди.

Дамир Кожахметов, Казакстан Республикасынын транспорт министринин орун басары:

– Учурда Логистиканы көзөмөлдөө борборунун платформасын түзүп жатабыз. Smart Cargo чек ара аймактарынан өтүүнү жөнөкөйлөштүрүүгө мүмкүндүк берет, биз QR кодду, ташуунун санариптик паспортун киргиздик. Азыркы тапта натыйжалар бар. Бүгүнкү күнгө чейин 11 миңге жакын ташуунун санариптик паспорттору түзүлгөн, платформада 15 миңден ашык унаа жана ташуучу катталган, процесстер жүрүп жатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков