AI-стартаптардын Борбор Азиядан дүйнөлүк рынокка чыгышы үчүн технологиялык иштеп чыгуу жетиштүү эмес. Инвесторлор жана ири компаниялар реалдуу кардарлардын бар экендигин, пилоттук долбоорлордун жыйынтыктарын жана экономикалык натыйжаларын баалашат. Бул тууралуу Астанадагы AI & Digital Bridge форумунда айтылды, анда катышуучулар Казакстандын аймактык долбоорлордун глобалдык рынокко чыгышы үчүн байланыштыруучу звено жана аянтча катары ролун баса белгилешти. Өлкөдө стартап-экосистема өнүгүп жатат, ал эми эл аралык акселераторлор менен өнөктөштүк Борбор Азиянын технологиялык компанияларына чет элдик инвесторлорго, кардарларга жана экспертизага жеткиликтүүлүктү ачат. Бул программаларга аймактагы жүздөн ашык стартап катышкан. Алардын арасында – казакстандык Cybernet AI жана Armeta, алар америкалык рынокто долбоорлорун өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүн алышкан. Мисалы, Cybernet AI Мексикада өзүнүн чечимин сынап көрдү. Бизнести жана колл-борборлорду автоматташтыруу үчүн AI кардардын командасына караганда 20% жогору эффективдүүлүктү көрсөттү, ал эми чыгымдар болжол менен 5 эсе аз болду. Экинчи казакстандык долбоор - Armeta Хьюстондагы эл аралык сынакта жеңгенден кийин Mitsubishi Power менен кызматташтыкты баштады жана америкалык Alchemist Accelerator программасына катышуучу болду. Эксперттер белгилешкендей, мындай программалар аймактын стартаптарына чет элдик өнөктөштөрдү жана инвесторлорду табууга жана эл аралык рынокко чыгууга жардам берет.
Иэн Бергман, Alchemist Accelerator башкы мүдүрү:
– «Alchemist» долбооруна Борбор Азиядан көптөгөн стартаптар катышкан. Алардын айрымдары бүгүн ушул сахнада чыгып сүйлөштү. Сан-Францискодо командасын аймакта сактап калып, бизнесин өнүктүргөн компаниялар бар. Башкалары, тескерисинче, бул жерде жайгашып, бирок мурдатан эле глобалдык рынокто иштеп жатышат. Мунун баары Борбор Азия таланттардын чыныгы булагы экенин көрсөтүп турат. Ошондуктан аймакка болгон кызыгуу өсүүдө. Биз жыл сайын дүйнө жүзү боюнча миңдеген арыздарды алып турабыз жана алардын арасында Борбор Азиядан стартаптардын көбөйүшүн каалайбыз.
Асет Абдуалиев, Silkroad Innovation Hub башкы мүдүрү жана негиздөөчүсү:
– Бизде чоң сессия өттү, ага алдыңкы акселераторлордун өкүлдөрү катышты: Alchemist, StartX, Draper University. Чынында эле, биздин негиздөөчүлөрүбүз бул акселераторлор аркылуу эл аралык рынокка чыгууга уникалдуу мүмкүнчүлүккө ээ. Бул программа SILKROAD INNOVATION HUBда Өзбекстандагы негизги IT-парк хабынын жана башка өнөктөштөрүбүздүн колдоосу менен ишке ашырылууда. Башкача айтканда, биз жыл сайын өз аймагыбыздан негиздөөчүлөрдү Кремний өрөөнүнө алып келип, америкалык рынокка чыгууга жардам беребиз. Бул программа буга чейин үч жылдан ашык убакыттан бери иштеп келе жатат. Аталган программаларга 100дөн ашык стартап катышкан, бул программаларга катышкан, жана алардын көбү азыркы учурда америкалык рынокка активдүү чыгып жатышат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

