Санкт-Петербургда III Казакстан-Орусия медиафоруму өттү

Санкт-Петербургда III Казакстан-Орусия медиафоруму өттү

Жасалма интеллект доорундагы журналистиканын келечеги менен чакырыктары, санариптик технологиялар, маалыматтык ызы-чуу менен күрөшүү, кадрдык даректи өнүктүрүү жана классикалык редакциялардын өзгөрүшү. Бул темалар Санкт-Петербургда өткөн III Казакстан-Орусия медиафорумунда талкууланды. Иш-чара эки өлкөнүн медиа коомчулугунун, мамлекеттик органдарынын жана эксперттик чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүн бириктирди. Казакстан Президентинин Телерадиокомплексинин жетекчиси Раушан Кажибаева эки өлкөнүн өнөктөштүгүн жана союздаштык мамилелерин чагылдырууда ЖМКнын ролу маанилүү экенин баса белгиледи. Анын айтымында, Президенттер Касым-Жомарт Токаев менен Владимир Путиндин жетекчилиги астында бул мамилелер ар тараптуу стратегиялык кызматташтык деңгээлине чыккан. Мындан тышкары, ал Казакстандын жаңы Конституциясында медианы, санариптик журналистиканы жана маалыматтык өнөктөштүктү өнүктүрүүнүн заманбап укуктук базасы каралганын кошумчалады.


Раушан Кажибаева, Казакстан Республикасынын Президентинин телерадиокомплексинин мүдүрү:


– Биз сапаттуу журналистиканын стандарттарын жана редакциялык жоопкерчилик институтун катуу коргошубуз керек. Ошондой эле кесипкөй медиа чөйрөнү көзөмөлсүз, манипуляциялык контенттин агымына алмаштырууга жол берилбеши зарыл деп эсептейбиз.


Медиафорумда Казакстан Президентинин Администрациясынын Коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы Канат Кульшманов да сөз сүйлөдү.


Канат Кульшманов, Казакстан Республикасынын Президентинин администрациясынын коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы:


– Учурда медиа чөйрөсүндө дагы бир технологиялык өзгөрүү болуп жатат. Интернет өз убагында басма сөз жана радио телеберүүлөрдүн абалын өзгөрттү. Азыр жасалма интеллект санарип медиасын өзгөртүп жатат, ал жакында эле маалымат рыногунун өнүгүшүн жаңыча аныктаган. Бирок бул процесстин натыйжалары андан да көптү билдирет .


 ТАСС агенттигинин башкы жетекчиси Андрей Кондрашов Казакстандын санариптештирүүдөгү жана жасалма интеллектти өнүктүрүүдөгү ийгиликтерин белгиледи. Ал жасалма интеллект жөнүндө мыйзамдын кабыл алынышына, Санариптик кодекске карата аткарылып жаткан иштерге жана тармактык билим берүүнү өнүктүрүүгө көңүл бурду. Анын айтымында, бул тажрыйба орус кесиптештер үчүн да кызыгууну туудурат. Андрей Кондрашов ошондой эле медиафорум тармактык гана эмес, кеңири коомдук-саясий мааниге ээ экенин баса белгиледи. Иш-чаранын алкагында Казакстан Президентинин Телерадиокомплекси менен ТАССтын биргелешкен долбоору — «Космосту багынтуу орус жана казак фотографтарынын көзү менен» деген көргөзмө да ачылды. Экспозицияга эки медиа түзүм тарабынан берилген Байкоңурдун тарыхын чагылдырган уникалдуу сүрөттөр кирди.


Которгон: Назира Бегалиева