Казакстан кайра иштетилген айыл чарба продукциясынын экспортун арттырууда

Казакстан кайра иштетилген айыл чарба продукциясынын экспортун арттырууда

Казакстан дүйнөлүк азык-түлүк рыногундагы позициясын бекемдөөдө. Өлкө чийки зат экспортунан даяр продукцияны жеткирүүгө өтүүдө. Бүгүнкү күндө айыл чарба экспортунун жарымынан көбүн кайра иштетилген продукциялар түзөт. Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча, алардын үлүшү 51% ашты. Ошол эле учурда агроөнөр жай комплексинин продукцияларын экспорттоонун жалпы көлөмү 37% өсүп, 7 миллиард долларга жетти. Бул тенденцияны чет өлкөлүк серепчилер да белгилешүүдө. World Financial Review басылмасында Казакстан дан эгиндерин ири экспорттоочу өлкө катары гана эмес, келечектүү агроазык-түлүк хабы жана дүйнөлүк азык-түлүк коопсуздугунун борбору катары каралууда. Айыл чарба продукциясынын айрым түрлөрү боюнча Казакстан буга чейин эле тышкы рыноктордо жогорку позицияларды ээлеп келет.

Сержан Шарипов, КР Айыл чарба министрлигинин Агроазык-түлүк рыноктору жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү департаментинин мүдүрү:

– Казакстан азыртан эле айыл чарба продукциясын жана аны кайра иштетүүдөн алынган өнүмдөрдү өндүрүү да, экспорттоо боюнча да дүйнөлүк ири катышуучулардын бири болуп саналат. Биз азыр Кытай рыногунда күн карама майын жеткирүү боюнча алдыңкы үчтүккө киребиз. Зыгыр экспорттоо боюнча экинчи орундабыз. Ошондой эле арпа жана башка айыл чарба продукцияларын экспорттоо боюнча алдыңкы ондукка киребиз. Азыркы тапта Казакстан дүйнөлүк айыл чарба өндүрүшүндө алдыңкы орундарда турат деп айтууга болот.

Ошол эле учурда Казакстанда жыл аягына чейин дагы 16 жаңы агроөнөр жай долбоорун ишке киргизүү пландалууда. Алардын жарымы айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү заводдор болот. Долбоорлорду ишке ашырууга 420 млрд теңге багытталат. Жаңы ишканалар өлкөнүн он аймагында пайда болот. Инвесторлордун арасында Швейцария, Австралия, Түштүк Корея, АКШ, Канада, БАЭ, Кипр жана Түркиянын компаниялары бар. Тактап айтканда, Астана шаарында этти толук циклде кайра иштетүүчү комплекс ачылат. Алматыда желатин жана коллаген өндүрүү жолго коюлат. Алматы облусунда төрт долбоор ишке ашырылат. Алардын бири мөмө-жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүүчү жана сактоого багытталат. Кызылорда облусунда томат пастасын өндүрүү башталса, Костанай облусунда буурчак өсүмдүктөрүнөн продукция өндүрүүгө басым жасалат.

Которгон: Назира Бегалиева