Казакстан менен Индия жакынкы арада өз ара соода жүгүртүүнү бир миллиард долларга, ал эми келечекте үч миллиард долларга жеткирүүнү көздөшүүдө. Экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү өнөктөштүктүн негизги багыттарынын бири болуп саналат. Астанада дипломаттар, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана серепчилик коомчулук өсүштүн жаңы чекиттери тууралуу сүйлөшүштү. Казакстандын стратегиялык изилдөөлөр институтунун аналитиктеринин пикири боюнча, мындан ары өз ара аракеттенүү үчүн бир нече тармактарда мүмкүнчүлүктөр бар. Казакстан Индияга энергетикалык ресурстарды, анын ичинде мунай жана уранды, маанилүү минералдарды жеткирүүнү көбөйтө алат. Индия болсо фармацевтика, технология, унаа жасоо жана электроника тармактарында күчтүү позицияларга ээ. Талдоочулардын пикири боюнча, сооданын мындан ары өсүшүнө логистикалык каттамдарды өнүктүрүү, түз ишкердик байланыштарды кеңейтүү, бизнес, мамлекет жана серепчилик коомчулуктун тыгыз өз ара аракеттенүүсү өбөлгө түзөт.
Айдар Курмашев, Казакстан стратегиялык изилдөөлөр институтунун Азия таануу бөлүмүнүн жетекчиси:
– Биз өзүбүздүн ортобузда жүк ташуу жагынан өзгөчө кызматташтыкты өнүктүрүүбүз керек. Бүгүнкү жыйында айтылган сунуштардын бири – серепчилерди гана эмес, мамлекеттик кызматкерлерди, бизнес өкүлдөрүн, окумуштууларды да тарта турган илимий долбоорлорду иштеп чыгуу. Булар бизге жеткен конкреттүү товарларды мисалы, банктык операцияларды так аныктай алат.
Дагы бир келечектүү багыт - технологиялык кызматташтык. Казакстан өзүнүн IT секторун активдүү өнүктүрүп жатат, ал эми Индияда чоң кадрдык дарамет менен адистердин эл аралык рынокта көп жылдык тажрыйбасы бар. Мындай айкалыш биргелешкен долбоорлор, тажрыйба алмашуу жана инвестицияларды тартуу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Заманбап шаар инфраструктурасын өнүктүрүү - өнөктөштүктү кеңейтүү үчүн дагы бир тармак. Бул жерде бир катар конкреттүү долбоорлор иштелип жатат. Ошентип, жакынкы арада Казакстанга сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн 30дан ашык ири индиялык иштеп чыгуучу компаниялар келүүнү пландап жатышат.
Сайлас Тангал, Индиянын Казакстандагы элчиси:
– Алар Казакстанга кызыкдар тараптар менен жолугушуу үчүн келишет, айрыкча Алатау жана Конаевдеги долбоорлор боюнча, ал жерде жаңы өнүгүү долбоорлору ишке ашырылууда. Алатау жасалма интеллект технологияларын колдонуу менен акылдуу шаар катары өнүгүп жатат. Ошондуктан, бул жерде салттуу иштеп чыгуучулар гана эмес, ошондой эле кыймылсыз мүлк чөйрөсүнө заманбап технологиялык чечимдерди киргизе алган компаниялар да талап кылынат. Биз сапарды уюштуруунун үстүндө иштеп жатабыз жана ал жакынкы арада болоруна үмүттөнөбүз.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков

