Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Казакстан 10 медалга ээ болду

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Казакстан 10 медалга ээ болду

Кыргызстандагы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндюнарындагы Казакстан курама командасынын куржунунда 10 медаль бар. Кезектеги мелдеш күнүнүн жыйынтыгы боюнча казакстандыктар 6 алтын, 1 күмүш жана 5 коло медалга ээ болушту. Ошентип, эр эңиш боюнча мелдеште ата мекендик спортчулар эки алтын медаль багындырышты. 60 кг салмак категориясында Нурталап Керим, ал эми 70 кг салмак категориясында Сайлау Мухаммеджан чемпион болушту. Үчүнчү алтын медалды кыргыз стили боюнча жамбы атууда чемпион аталган Абзал Тулыбеков алып келди. Улуттук курама команда «8ге 8» аркан тартыш боюнча командалык дисциплинада да алтын медалга ээ болду. Эр эңиш боюнча күмүш медалды Расул Курайш алды. Ал эми алыш боюнча казакстандыктар дароо үч коло медалга ээ болушту. Дагы бири мас-рестлинг боюнча, ал эми акыркы, бешинчи коло медалга өлкө курама командасы оюндардын программасына биринчи жолу кирген «омуртка сындыруу» боюнча алышты. Эске салсак, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда өтүп жатат. Казакстан мелдешке 150дөн ашык спортчу менен катышууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков