Казакстанда Алакөл көлүнүн жээгин коргоого 3 миллиард
теңге жумшалат. Өкмөттүн резервинен каражат Жетису облусунда жаңы дамба курууга
багытталат. Тиешелүү токтомго Премьер-министр Олжас Бектенов кол койду.
Белгилей кетсек, долбоор Президенттин суу чарба инфраструктурасын өнүктүрүү
боюнча тапшырмасынын алкагында ишке ашырылууда. Долбоор эки
айылдын жээгин бойлой узундугу алты чакырымды түзгөн коргоочу курулушту
тургузууну карайт. Бул
жээк тилкесин бекемдөөгө, анын бузулуу коркунучун азайтууга жана туристтик
зонаны өнүктүрүү үчүн кошумча шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет. Өкмөттө акыркы
эки жылда өлкөнүн алты аймагында жалпысынан 243 чакырым коргоочу дамбалар жана
башка гидротехникалык курулуштар курулуп, бекемделгенин баса белгилешти.
Жандос
Салимов, Суу ресурстары жана ирригация министринин орун басары:
– Курулуш иштери өткөн жылы эле башталган. Бул максатта республикалык бюджеттен 1,5 миллиард теңге бөлүнгөн, ал толугу менен өздөштүрүлгөн. Адистер жер казуу жана бетон иштерин аткарып, ошондой эле габиондук конструкцияларды орнотушту.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

