Казакстандык стартап «SpaceLab» спутник аркылуу маалымат берүү тармагындагы дүйнөнүн эң мыкты компанияларынын катарына кирди. Эл аралык рейтингде Астанадан келген команда алтынчы орунду ээлеп, Борбор Азиядан жалгыз өкүл болду. Долбоор табигый кырсыктарды алдын алуу боюнча өз технологиясы үчүн жогору бааланган. Иштеп чыгуу мобилдик байланышы жок алыскы аймактарга арналган. Суу объекттеринин датчиктери суунун деңгээлин көзөмөлдөп, терминал спутник аркылуу маалыматты өткөрөт. Бул өзгөчө кырдаалдар кызматтарына селдин мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө тезирээк маалымат алууга жана коркунучтарга ыкчам чара көрүүгө жардам берет. Бардык жабдууларды инженерлердин чакан командасы өз лабораториясында иштеп чыгат. Бул жерде модемдер, антенналар жана коргоочу корпус түзүлүп, тетиктер жогорку температурадагы 3D-принтерлерде басылат. Бул үчүн космос тармагында жана медициналык импланттарды өндүрүүдө колдонулуучу атайын полимер колдонулат.
Даурен Аубакиров, Spacelab компаниясынын тең негиздөөчүсү жана продукция боюнча мүдүрү:
– Суунун деңгээлин өлчөй алган сенсорлор орнотулат. Эгер ал көтөрүлсө, анда бул сенсорлор маалыматтарды спутниктик терминалдарыбызга жөнөтөт. Спутниктик терминалдар андан ары спутникке, ал эми спутник байланыш диспетчерлерине, атайын кызматтарга өткөрүп берет. Же болбосо, жакында сел болоору тууралуу эскертүү телефонго да келиши мүмкүн, ошондо адамдар эвакуацияланышы мүмкүн.
Арман Бекембаев, Spacelab компаниясынын негиздөөчүсү:
– Биз катуу шарттарда, мисалы, табигый кырсыктар болгон жерлерде иштей ала турган терминалды иштеп чыктык. Бир спутник жеткиликсиз болгон жерде, биз башка аппаратка которула алабыз. Мисалы, терминал абдан олуттуу таасирлерге чоң титирөөлөргө туруштук берет: жогорку температура: +85тен -40ка чейин.
Бул долбоор азыр реалдуу объектилерде сыноодон өтүп жатат. Терминал Алматы облусундагы сейсмостанцияда орнотулган, ал жерден маалыматтарды сейсмология борборуна берет. Дагы бирөөсү Актөбе облусундагы мунай куюу объектисинде иштейт. Реалдуу убакыт режиминде ал мамлекеттик кырдаал борборуна жүктөлгөн чийки заттын көлөмү тууралуу маалыматтарды жөнөтөт. Учурда команда ай сайын үч пилоттук долбоорду ишке ашыра алат. Кийинки максат - массалык өндүрүшкө өтүү.
Которгон: Назира Бегалиева

