Казакстан адамдык өнүгүү деңгээли боюнча аймакта лидер

Казакстан адамдык өнүгүү деңгээли боюнча аймакта лидер

Казакстан адамдык өнүгүү деңгээли боюнча КМШ жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасында лидерлигин тастыктады. БУУнун Өнүктүрүү программасы жарыялаган жаңы индекске ылайык, республика дүйнөдөгү 193 мамлекеттин жана аймактын ичинен 60-орунду ээледи. Белгилей кетсек, рейтингди түзүүдө экономикалык көрсөткүчтөр гана эмес, калктын жашоо сапаты да бааланат. Ошондой эле күтүлүп жаткан өмүр узактыгы, билим деңгээли жана жарандардын кирешелери эске алынат. КМШ өлкөлөрүнүн рейтингинде Казакстандан кийин Орусия, Беларусь жана Армения жайгашты. Борбор Азия мамлекеттеринин арасында Казакстандан кийин Түркмөнстан, Өзбекстан, Кыргызстан жана Тажикстан турат. Акыркы 30 жылда Казакстандын адамдык өнүгүү индекси 20% ашык өскөн. Пандемия мезгилинде төмөндөгөндөн кийин көрсөткүч кайра калыбына келип гана тим болбостон, байкоолордун бүткүл тарыхындагы эң жогорку деңгээлге жетти.

Которгон: Назира Бегалиева