Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин кеңейтилген курамындагы жыйынына катышты. Жолугушууга Шериктештикке мүчө мамлекеттердин лидерлери, Ирандын Президенти, КМШ жана ШКУнун башкы катчылары катышып, жыйынтыгында Шериктештиктин алкагында кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду. Мындан тышкары, 2028-жылды Социалдык өнүктүрүү жана жашоонун сапаты жылы, 2029-жылды КМШ өлкөлөрүнүн транспорттук байланыш жылы деп жарыялоо чечими кабыл алынды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

