Азия Инфраструктуралык Инвестициялар Банкы Казакстанга 6 млрд доллардай узак мөөнөттүү каржы салат. Курултай тийиштүү негиздемелик келишимди ратификациялоо жөнүндө мыйзамды кабыл алды. Документ эл аралык банктын өлкөдөгү келечек долбоорлорун ишке ашыруу үчүн бирдиктүү укуктук нормаларды жаратат. Башкача айтканда, Казакстанга транспорт, энергетика, санариптик байланыш жана экономиканын башка секторлорундагы демилгелерди каржылоо үчүн инвестиция тартууга мүмкүнчүлүк берет. Жалпысынан алдыдагы 5 жылда банк 17 ири инфраструктуралык долбоорго каржы багыттайт.
Серик Жумангарин, Казакстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары – Улуттук экономика министри:
- Жезказган-Караганды, Актөбе-Карабутак-Улгайсын, Атырау-Доссор жана Мойынты-Кызылжар автоунаа жана темир жолдорун жаңыртуу боюнча иштер башталат. Бул мамлекет башчысынын кеңири инфраструктураны өнүктүрүү боюнча тапшырмасы менен тыгыз байланыштуу. Узак мөөнөттүү планда келишимдин алкагында АИИБ долбоорлорун ишке ашыруу ички дүң өнүмдүн өсүшүнө, жумуш орундарын түзүүгө, жеке секторду, чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө, инновацияларды стимулдаштырууга, инвестициялык абалдын жакшырышына жардам берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

