Казакстан менен Азербайжан товар жүгүртүүнү 1 миллиард долларга чейин көбөйтүүнү көздөшүүдө

Казакстан менен Азербайжан товар жүгүртүүнү 1 миллиард долларга чейин көбөйтүүнү көздөшүүдө

Казакстан менен Азербайжан өз ара соода жүгүртүүнү бир миллиард долларга жеткирүүнү көздөйт. Бул тууралуу Президенттер Касым-Жомарт Токаев менен Илхам Алиев Бакудагы жолугушууда сүйлөшүштү. Мамлекет башчысы азербайжандык кесиптешине чакыруусу үчүн ыраазычылык билдирип, Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңеши саммитинин жогорку деңгээлде уюштурулганын белгиледи. Ал Азербайжандын Кеңештин ишине жана практикалык демилгелерди илгерилетүүгө кошкон салымын баса белгиледи. Өлкө лидерлери Транскаспий була-оптикалык байланыш линиясын ишке киргизүүгө өзгөчө көңүл бурушту. Долбоор эки өлкөнүн ортосундагы санариптик байланыштарды бекемдөөгө жана Европа менен Азиянын ортосунда кошумча маалымат берүү каналдарын түзүүгө мүмкүндүк берет. Тараптар ошондой эле Азербайжан аркылуу казак энергетикалык ресурстарын жеткирүүнү кеңейтүү жана ар кандай тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков