Казакстан инвесторлор
үчүн эң коопсуз өлкөлөрдүн рейтингинде дароо 17 позицияга көтөрүлдү. Мындай
маалыматты дүйнөдөгү ири аналитикалык платформалардын бири болгон Investing.com
жарыялады. Өлкө мурдагы 70-орундан 53-орунга көтөрүлдү. Инвесторлор өз
салымдарын көбөйтүүнү улантууда. Жылдын биринчи жарымында негизги капиталга
тартылган инвестициялардын көлөмү 20 миллиард долларга жетип, өткөн жылдын ушул
мезгилине салыштырмалуу 9,6% көбөйдү. Ал эми жеке инвестициялар 21% өстү.
Талдоочулардын айтымында, инвесторлор жаратылыш ресурстары менен катар
мамлекеттик институттардын сапатына, экономикалык саясаттын туруктуулугуна жана
тышкы кризистерге туруштук берүү жөндөмүнө да баа беришет. Бул багытта
Казакстан оң динамиканы сактап келүүдө. Эл аралык валюта фондунун божомолуна
ылайык, быйыл өлкөнүн экономикасы 4,6% өсөт. Талдоочулардын пикиринде,
Казакстан кайра иштетүүнү, логистиканы жана заманбап өндүрүштөрдү өнүктүрүү
менен чийки затка көз каранды моделинен ийгиликтүү чыгууда.

