К.Токаев тогуздун айында Казакстан элине кайрылуу жасайт

К.Токаев тогуздун айында Казакстан элине кайрылуу жасайт

Президент тогуздун айында Казакстан элине кайрылуу жасайт. Анда мамлекет башчысы алдыдагы мезгилге карата максаттарды жана милдеттерди белгилейт. Бул тууралуу Касым-Жомарт Токаев VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземинде билдирди. Касым-Жомарт Токаев Казакстан тарыхый өсүү мезгилине кирип жатканын белгилеп, өлкөдө ишке ашырылып жаткан кеңири масштабдуу реформаларды өзгөчө белгиледи. Конституцияга ылайык, өлкөнүн негизги институттарын жаңыртуу уланууда: Курултай шайланды, вице-президент дайындалды, жаңы өкмөт өз ишин баштады жана Коопсуздук кеңешинин аппараты түзүлдү.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

– Казакстан парламентинин курамы жакында бекитилет. Конституциялык соттун судьялары, Борбордук шайлоо комиссиясынын жана Жогорку Эсептөө палатасынын мүчөлөрү Курултай депутаттары менен кеңешип дайындалат. Ошентип, негизги мамлекеттик институттар толугу менен жаңыртылып турат. Бул чаралар биз ишке ашырып жаткан комплекстүү реформалардын ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Тогуздун айында Конституциянын 46-беренесине ылайык, мен Казакстан элине алдыдагы мезгилге максаттарды жана милдеттерди белгилеген кайрылуу жасайм.

Которгон: Илгиз Жамалбеков