Астанадагы HackAlem AI иш-чарасына 2500 иштеп чыгуучу катышты

Астанадагы HackAlem AI иш-чарасына 2500 иштеп чыгуучу катышты

Казакстан биринчи жолу эл аралык HackAlem AI хакатонун өткөрүп, дароо дүйнөлүк рекорд койду. Астанада 21 өлкөдөн 2,5 миңге жакын катышуучу чогулду. Эл аралык сынак Индияда коюлган мурунку рекордду басып өтүп, Гиннестин рекорддор китебине кирди. Уюштуруучулар муну Казакстандын бүткүл технологиялык коомчулугунун жетишкендиги жана өлкөнүн жогорку дараметинин тастыктоосу деп аташат. Бирок HackAlem AI – бул рекорддор гана эмес. Бул ошондой эле реалдуу бизнес жана мамлекеттик маселелер үчүн AI чечимдери. Катышуучуларга – студенттерге жана жаш адистерге – иштеп чыгууга беш саат убакыт берилди. Маселелер энергетика жана каржыдан баштап билим берүү, логистика, соодага чейин он багытты камтыды. Заманбап технологиялар менен иштөө үчүн катышуучуларга OpenAI жана NVIDIA куралдарына мүмкүнчүлүк берилди. Аризона штатынын университети да кошумча билим берүү ресурстарын сунуштады.


Олжас Аманкелдин, Назарбаев университетинин студенти:


– Бизде мурда болгон нерсеге эң окшош болгон нерсени тандадык, башкача айтканда, Башкаруу деп аталган багыт. Адамдар ар кандай кырсык кырдаалдарына туш болушу мүмкүн, мисалы адамдар полиция кызматтарын, тез жардамды, өрт өчүрүүчүлөрдү чакырууга аргасыз болушат, башкача айтканда, биз баарын бир тиркемеге бириктирдик. Тактап айтканда, адам тиркемеге кирет, керектүү тез жардам кызматын тандайт. Кырсыкты жазат, жайгашкан жерин автоматтык түрдө аныктайт. Демек, тиркеме адам кайда экенин билип, оператор бөлүмүнө билдирүү жөнөтөт. Ал эми оператор өз сайтынан диспетчерге жиберет.


Бирок прототиптерди түзүү менен иш бүтпөйт. Эң келечектүү долбоорлор пилоттук ишке киргизүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Мыкты AI чечимдердин авторлору 200 миң долларлык сыйлык фондун бөлүшөт. Ал эми жеңүүчүлөрдүн ысымдары чоң технологиялык сахнада жарыяланат. Расмий сыйлоо аземи AI & Digital Bridge 2026 эл аралык форумунун алкагында өтөт.


Асет Абдуалиев, Silkroad Innovation Hub башкы мүдүрү:


–  Бул иш-чара Казакстанда өтө турган AI MONTH – Жасалма интеллект айынын алгачкы иш-чарасы болуп саналат. Азыркы учурда жасалма интеллект, эсептөө кубаттуулугу, бул чындыгында жаңы мунай, экспорттой ала турган жаңы ресурстар сыяктуу, жөн гана чийки зат катары эмес. Биз буга чейин аймагыбызда гана эмес, дүйнө жүзү боюнча жасалма интеллектти өнүктүрүүгө жардам берген кээ бир билимдерди экспорттоп жатабыз. Тогуздун айынын 1де биз эң мыкты чечимди тандайбыз, ал акчалай сыйлык гана албастан, аталган компаниялардын ишканаларында агенттик чечимдерин ишке ашырат.


Которгон: Илгиз Жамалбеков