Президент Касым-Жомарт Токаев иш сапары менен Караганды облусуна барды. Мамлекет башчысы аймактагы өнөр жай тармагын модернизациялоо менен таанышты. Президентке Темиртаунун жаңыланган транспорттук инфраструктурасы көрсөтүлдү. Шаардагы трамвай тармагын эки жыл мурда Qarmet компаниясы 30 чакырым жолду алмаштырып, 8 заманбап трамвай сатып алуу менен калыбына келтирген. Президент баса белгилегендей, бүгүнкү күндө Темиртау жигердүү өнүгүп жатат, аны өркүндөтүүнү улантуу маанилүү.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– Менин түшүнүгүм боюнча, эмгек жамаатынын маанайы бир топ жакшырды. Эң башкысы – оң тенденциялардын бар экендиги. Биз комбинатты сөзсүз түрдө онүгүүнүн, ийгиликтин, ал тургай, гүлдөп-өнүгүүнүн символуна айлантабыз.
Андан соң мамлекет башчысы Qarmetтин болот эритүүчү ишинин негизги бөлүгү болгон конвертер цехи менен таанышты. Ал домна мешинен чыккан ысык металлдын кандайча иштетилип, болотко айланып, андан кийин куюу машиналарына бериле тургандыгын көрдү. 2024-жылы Qarmet компаниясы цехтеги эки конвертерди капиталдык оңдоодон өткөрүп, заманбап конструкцияларды орноткон. Модернизация ишкананын продукциясынын түрлөрүн кеңейтүүгө, болот эритүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө жана жабдуулардын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет. Үстүбүздөгү жылдын акырына чейин ишкана пландан тышкары 4 миллион тонна болот, 3,6 миллион тонна көмүр, 4 миллион тоннага жакын темир рудасы концентратын чыгарууну пландаштырууда.
Ошондой эле мамлекет башчыга эки жаңы кокс батареясын куруу иштери тууралуу маалымат берилди. Ар бири болжол менен 8 метр бийиктиги бар 54 мештен турат. Бул агрегаттарды ишке киргизүү компаниянын өздүк кокс менен камсыздоо ишенимдүүлүгүн жогорулатууга, сапатты сактоого жана экологиялык коопсуздукту жогорулатууга мүмкүндүк берет. Батареяларды келерки жылы ишке киргизүү пландалууда.
Мындан тышкары, Касым-Жомарт Токаев Qarmet компаниясынын сорттук прокаттоо комплексине барды. Жаңы цех жогорку бекемдиктеги курулуш арматурасын чыгарууга мүмкүндүк берет. Жылына 540 миң тоннадан ашык өнүм чыгаруу кубаттуулугуна ээ долбоордун өнөктөшү кытайлык CERI компаниясы болуп саналат. Белгилей кетсек, Qarmetтин инвестициялык программасынын жалпы көлөмү 3,5 миллиард долларды түзөт. Металлургиялык комбинатта учурда 4 жаңы долбоор ишке ашырылып, ишкананы модернизациялоонун масштабдуу программасы бир эле учурда жүргүзүлүүдө.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

