Казакстандын Президенти мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктады. Касым-Жомарт Токаев технологиянын тез өнүгүп жаткан доорунда мугалимдин ролу маанилүү экендигин баса белгиледи жана мамлекет мугалимдерге ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү улантаарын билдирди. Өлкөдө «Мугалимдин макамы тууралуу» атайын мыйзам кабыл алынган. Мындан тышкары, мамлекеттик сыйлыктардын тизмесине «Казакстандын эмгек сиңирген мугалими» наамы кошулган.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– Мугалимдер жамаатынын бир нече өкүлдөрү эң жогорку сыйлыкка – «Казакстандын эмгек эри» наамына татыктуу болушту. Тогуздун айынын беши расмий түрдө мугалимдердин кесиптик майрамы болуп бекитилген. Жыл сайын биз бул майрамды бүтүндөй өлкө болуп белгилейбиз. Быйыл да майрам күндөрү бардык аймактарда акимдер мугалимдерге сыйлыктарды тапшырып, аларга өзгөчө урмат көрсөтүшөт. Улуттук деңгээлде мугалимдерди сыйлоо салты улантылат.
Азыр Казакстанда 4 миллиондон ашык окуучу билим алууда. Окутуунун заманбап шарттарын түзүү үчүн акыркы 7 жылда өлкөдө миллиондон ашык окуучуларга арналган 1300дөн ашык мектеп курулду. Быйыл дагы 100дөн ашык окуу жайы курулуп жатат. «Келечек мектептери» улуттук долбоорунун алкагында 217 заманбап мектеп курулуп, алардын 40%ы айыл жергесинде. Мындан тышкары, Президент бул кесипти тандаган жаштардын санынын өсүшүн позитивдүү баалады. Быйыл 12 миңден ашык бүтүрүүчү педагогикалык адистиктер боюнча мамлекеттик грант алышты. Жаңы окуу жылынын алдында аймактарда 15 миңден ашык мугалим жумушка орношту. Алардын жарымы жаш адистер. Касым-Жомарт Токаевдин айтымында, орто билим берүү системасына жасалма интеллектти системалуу түрдө киргизүү башталды.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– Жаңы технологиялар туура колдонулса, педагогикалык ишти бир топ жеңилдетет, рутинадан арылта турган ишенимдүү курал болот. Мугалимдерге насаатчылыкка жана окуучулар менен жандуу иштөөгө көбүрөөк убакыт бөлүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул багытта маанилүү кадам жасалды. Ушул жылдын аяк оона айында Окуу-агартуу министрлиги тарабынан билим берүүдө жасалма интеллектти колдонуу стандарты бекитилди. Өлкөнүн бардык мектептери алдыңкы методикаларга жана санариптик платформаларга мүмкүнчүлүк алышат.
Мында Президент китептердин маанилүүлүгүн унутпоого чакырды. Анын айтымында, окуу жаштарга билим алууга жардам берип, баалуулуктарды калыптандырат. Бугу айында Касым-Жомарт Токаев окуу маданиятын өнүктүрүү жана окуган улутту калыптандыруу жөнүндө жарлыкка кол койгон. Жылдын аягына чейин Өкмөт тийиштүү концепцияны кабыл алышы керек. Салтанаттуу иш-чаранын соңунда билим берүү чөйрөсүндөгү көрүнүктүү жетишкендиктери жана Казакстан алдындагы өзгөчө эмгеги үчүн бир катар мугалимдерге мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

