Астанада шайлоо процессиндеги санариптик технологиялар талкууланды

Астанада шайлоо процессиндеги санариптик технологиялар талкууланды

Казакстанда шайлоо өнөктүгүнүн биринчи жумасы жыйынтыкталды. Ал партиялар ортосундагы саясий атаандаштык жаңы деңгээлге көтөрүлгөнүн көрсөттү. Республикалык телеканалдын түз эфиринде жети партиянын алгачкы теледебаты өтүп, шайлоочулар талапкерлердин эң актуалдуу маселелер боюнча көз караштарын угушту. Шайлоо өнөктүгүндө санариптик технологиялар да өзгөчө орунду ээлөөдө. Саясий партиялар салттуу үгүт иштеринен тышкары, жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрүн, жалпыга маалымдоо каражаттарын жана социалдык тармактарды активдүү колдонуп жатышат. Бул коомдун суроо-талаптарын терең талдоого, шайлоочулар менен түз байланыш түзүүгө жана жарандар менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүгө шарт түзөт. Бул тууралуу Казакстандын стратегиялык изилдөөлөр институту уюштурган «ШАЙЛОО–2026» эксперттик платформасынын катышуучулары билдиришти.

Жандос Шаймарданов, Казакстан Республикасынын Президентине караштуу Казакстандын стратегиялык изилдөөлөр институтунун мүдүрү:

– Жасалма интеллект жана санариптештирүү сыяктуу жаңы ыкмалар шайлоо өнөктүгүнө жана саясий партиялардын ишмердүүлүгүнө да таасир этүүдө. Менимче, бул абдан жакшы көрүнүш. Кечээ теледебаттын жүрүшүндө онлайн добуш берүү уюштурулуп, ага дээрлик 20 миң телекөрүүчү катышты. Алар түз эфирде партияларга эмес, теледебатка катышкан спикерлерге добуш беришти. Жарандар талапкерлердин сөзү канчалык ишенимдүү болгонун баалап, өз тандоосун жасай алышты.

Найла Мухтарова, политолог:

– Бул жерде саясий технологиялардын кызыктуу ыкмалары колдонулду деп эсептейм. Мындай ыкмалар мындан ары да коомчулуктун, айрыкча жаштардын көңүлүн буруп, жарандардын шайлоого активдүү катышуусуна өбөлгө түзөт.

Катышуучулар жасалма интеллекттин жардамы менен даярдалган шайлоо материалдарын таңгактоо маселесин талкуулашты. Алардын пикиринде, AI технологиялары колдонулуп даярдалган же өзгөртүлгөн бардык шайлоо алдындагы үгүт материалдары милдеттүү түрдө тиешелүү белги менен жарыяланышы керек.

Которгон: Назира Бегалиева