Казакстан менен Бельгия жасалма интеллект тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүдө

Казакстан менен Бельгия жасалма интеллект тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүдө

Казакстандын Президентине, Бельгиянын Падышасы Филиппке жана Ханыша Матильдага жасалма интеллект жаатындагы жаңы иштелмелер тааныштырылды. Alem.ai эл аралык борборунда жогорку коноктор робототехника, музей экспозициясы жана жасалма интеллект кинотеатрынын мүмкүнчүлүктөрү менен таанышышты. Ошондой эле, «TUMO Astana» билим берүү программасы, казак-бельгиялык жасалма интеллект жана математика лабораториясы сунушталды. Анын алгачкы долбоорлорунун арасында нейробилим жана адаптивдик окутуу жаатындагы изилдөөлөргө арналган «NeuroLearn» жана жасалма интеллектти колдонуу менен паркинсон оорусун эрте аныктоо ыкмаларын иштеп чыгууга багытталган «ParkScreen» бар. Гент университетинде болгон учурда казакстандык мектеп окуучуларына жана студенттерине физика боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаттары Франсуа Энглер, Герард’т Хоофт жана Мишель Майор, ошондой эле бельгиялык астронавт Франк Де Винненин кол тамгалары түшүрүлгөн телескоп тапшырылды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков