Казакстан менен Франция экономикалык жана маданий кызматташтыкты кеңейтүүдө

Казакстан менен Франция экономикалык жана маданий кызматташтыкты кеңейтүүдө

Франция Казакстанды ишенимдүү экономикалык өнөктөш катары эсептейт жана биргелешкен долбоорлорду, инвестицияларды кеңейтүүгө кызыкдар. Бул тууралуу аталган өлкөнүн республикадагы элчиси Сильван Гиоге белгиледи. Ийгиликтүү кызматташтыктын бир мисалы – Астанада жүк жана жүргүнчү ташуучу электровосторду чыгарган Alstom компаниясы. Сервис инфраструктурасын өнүктүрүүгө дагы элүү миллион евро каралган. Маданий байланыштар да бекемделип жатат. Аяк оона айында борбордо тарыхчы Мари Фаверонун Алтын Ордо тууралуу китебинин казакча котормосу сунушталды. Автор аны изилдөөгө жыйырма жылдан ашык убакыт сарптаган. Басылма Франциянын элчилигинин колдоосу менен чыккан. Мунун баары көп тараптуу кызматташтыктын практикалык мисалдары.

Сильван Гиоге, Франциянын Казакстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси:

–  Казакстанда француз ишканаларынын агымы уланып көбөйүүдө. Өлкөнүн экономикасынын өнүгүү динамикасына чоң кызыгуу бар экендиги көрүнүп турат. Мисалы, жакында эле POMA компаниясы «Almaty SuperSki» долбоору үчүн асма жолдорду жана тиешелүү жабдууларды жеткирүү боюнча Казакстан менен келишим түздү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков