Астанада КМШ өлкөлөрүнүн Чек ара аскерлеринин командирлер кеңешинин жыйыны өттү

Астанада КМШ өлкөлөрүнүн Чек ара аскерлеринин командирлер кеңешинин жыйыны өттү

Астанада КМШ өлкөлөрүнүн Чек ара аскерлеринин командачылары кеңешинин 93-жыйыны өттү. Ага Шериктештикке кирген 9 мамлекеттин, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Жолугушуунун негизги темалары тышкы чек аралардын коопсуздугун чыңдоо, терроризмге, экстремизмге жана транс улуттук кылмыштуулукка каршы күрөшүү болду. Жыйында коопсуздуктун жаңы чакырыктары шартында кызматташтыкты өнүктүрүү талкууланды. Атап айтканда, катышуучулар чек ара органдарынын ортосунда маалымат алмашууну автоматташтырууга жана биргелешкен операциялардын натыйжалуулугун жогорулатууга өзгөчө көңүл бурушту. Катышуучулар белгилегендей, Чек ара аскерлеринин командачылары кеңеши жылдар бою аймактык туруктуулукту камсыз кылуучу маанилүү механизм болуп калды. Кийинки жылы уюм түзүлгөндүгүнүн 35 жылдыгын белгилейт.

Нурлан Сейтимов, КМШнын Башкы катчысынын орун басары:

– Биздин кызматташтыгыбыз эки маанилүү мааракенин фонунда символикалуу өтүп жатат. Быйыл Эгемендүү Мамлекеттер Шериктештиги түзүлгөндөн бери 35 жылдыгын белгилеп жатат – бул постсоветтик мейкиндикте көп тараптуу өз ара аракеттенүү моделинин жашоого жөндөмдүүлүгүн жана талап кылынышын тастыктаган маанилүү этап. 2027-жылы Чек ара аскерлеринин кол башчылар кеңешинин ишмердүүлүгүнүн 35 жылдыгы белгиленет, бул көп жылдык биргелешкен иштин баалуулугун тастыктаган маанилүү окуя. Бул эки дата терең мурасты чагылдырат. Кеңеш кызматташтыктын негизги принциптерин өнүктүрүүнүн натыйжасында түзүлгөн жана өткөн ондогон жылдарда КМШнын коопсуздук архитектурасынын ажырагыс бөлүгүнө айланган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков